Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы «Ордо» волейбол клубу Кыргыз Республикасынын эркектер жана аялдар командалары арасында өтүп жаткан Улуттук лиганын XVIII чемпионатында борбор калаанын атын коргоп чыкты.
Мелдешке өлкөнүн алдыңкы командалары катышууда. Алардын катарында «Дордой», «Салам Алик», «Ордо Бишкек» клубдары, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары, ошондой эле «ОРАБӨМ», «Макрон_Кыргызстан» жана «Кыргызстан» курама командасы бар.
