Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан фехтование  боюнча Бишкек шаарынын курама командасынын спортчулары менен Азия чемпионатына катышууга байланыштуу жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Кылычташуу боюнча Азия чемпионаты 2026-жылдын 22–28-февралында Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт. Бул мелдеште борбор калаанын атынан 4 спортчу катышып, Бишкек шаарын жана Кыргыз Республикасын эл аралык спорт аренасында таанытат.

Жолугушуунун жүрүшүндө спортчуларга ийгилик каалоолор айтылып, жогорку спорттук жыйынтыктарга жетишип, өлкөнүн намысын татыктуу коргоо боюнча насаат сөздөр берилди.