Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунда жарнама жана керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча жолугушуу өткөрүлдү
Жыйынга Октябрь районунда жайгашкан калкты тейлөө борборлорунун, ири соода, көңүл ачуу жана эс алуу борборлорунун, сулуулук салондорунун, банктардын, базарлардын, кафелердин жана ресторандардын, тез тамактануу жайларынын, спорт комплекстеринин, мейманканалардын, кинотеатрлардын, басмаканалардын, дүкөндөрдүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жана Октябрь районун мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси Таалайкүл Туксариева «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын сактоо, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсү жана жарнамалардын мамлекеттик тилдеги тексттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу зарылдыгы боюнча кеңири маалымат беришти.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар берген суроолоруна жооп алышып, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу зарылдыгын белгилешти.





