Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу маселеси боюнча шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө дин өкүлдөрү,  имам жана епископ буга чейин көрүстөн аймагына барып, диний көз караштан алганда коомдук зарылчылык жаралган учурда, бардык нормалар сакталса жана маркумдарга урмат-сый менен мамиле жасалса, инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга тыюу жок экенин белгилешкен.

Ошол эле учурда калаа мэри бул маселенин эки тарабын тең эске алуу зарылдыгын белгиледи. Бир тараптан, долбоорго ылайык айрым турак жайлар буздурулушу керектиги айтылды. Экинчи тараптан, көрүстөн шаар тургундары үчүн ыйык жана руханий мааниси чоң жай бойдон калып, жарандар ал жерге Куран окуп, дуба кылып, жакындарын эскерип келишет.

Мындан тышкары, чечим кабыл алууда негизги фактор катары 2022–2024-жылдары коюлган 50дөн ашуун жарандын көрүстөнү бар экендиги баса белгиленди.

Санитардык нормаларга ылайык, көрүстөндү азыркы учурда казуу жана кайра көмүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат, анткени бул жугуштуу оорулардын очогунун пайда болушуна жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.

Буга байланыштуу, санитардык коопсуздукту жана шаар тургундарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен, ошондой эле борбор калаанын өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, жолду көрүстөндү айланып өтүү жолу менен куруу чечими кабыл алынды.