Биринчи май административдик районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы муниципалдык аймактык башкармалыктар (МАБ № 201, 202, 203, 204, 205, 206, 207 жана 208) менен биргеликте социалдык камсыздоо маселелерине арналган жолугушууларды уюштурду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө башкармалыктын адистери өз ишмердүүлүгү жана алар көрсөткөн социалдык кызматтар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Маала башчылары жана активисттер суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышып, аларга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.
Жолугушуулардын максаты калкты колдоо, райондун тургундары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана социалдык жардам программаларын кеңейтүү болду.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул багытта маалыматтык, билим берүү жана социалдык иш-чараларды өткөрүүнү камтыган андан аркы иштер пландаштырылууда.



