Бишкек шаарынын №4 кесиптик лицейи 18 жаштан 35 жашка чейинки, учурда туруктуу жумушу жок жана билими тууралуу диплому жок жарандарды акысыз кесиптик окууга кабыл алуу башталганын билдирет. Окууну аяктагандан кийин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жумуш орундары сунушталып, камсыздалат.
Программа курулуш тармагында суроо-талапка ээ болгон кесиптерди өздөштүрүүгө багытталган жана теориялык сабактар менен практикалык даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун алкагында 3 айлык кыска мөөнөттүү курстар уюштурулуп, окууну ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар берилет. Алыстан келип окугандар үчүн жол кирени төлөп берүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөк көрсөтөт. Тактап айтканда, окууну аяктагандан кийин «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул ишканада:
•техникалык тейлөө боюнча электромеханиктерге орточо 50 000 сомдон жогору эмгек акы;
•авариялык тейлөө боюнча электромеханиктерге орточо 40 000 сомдон жогору эмгек акы сунушталат.
Учурда №4 кесиптик лицей төмөнкү кесиптер боюнча кадрларды даярдайт:
•санитардык-техникалык системаларды жана жабдууларды монтаждоочу, электр-газ ширетүүчү (2 жыл 10 ай);
•курулуш иштери боюнча уста (2 жыл 10 ай);
•столярдык жана мебель өндүрүшүнүн устасы (2 жыл);
•электр-газ ширетүүчү (1 жыл 3 ай);
•сантехник (1 жыл 3 ай);
•шыбакчы;
•плитка коюучу, боекчу;
•столяр-плотник, мебель устасы;
•лифт боюнча электромеханик (3, 6 жана 10 ай).
Ошондой эле өзүнчө кыска мөөнөттүү долбоордун алкагында 3 айлык акысыз окуу төмөнкү кесиптер боюнча жүргүзүлөт:
•электр-газ ширетүүчү;
•сантехник;
•лифт боюнча электромеханик;
•шыбакчы;
•кыш калоочу уста (каменщик);
•курулуш жасалголоочусу;
•мебель устасы.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот:
•№4 кесиптик лицейдин окуу бөлүмү: 0312 31-86-35;
•№4 кесиптик лицейдин директорунун орун басары: 0312 31-87-34.
Дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 171Б.




