2026-жылдын 10-февралында Балдар жана жаштар улуттук борбору «Сейтекте»  Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин коллегиясынын жыйыны өтүп, анда 2025-жылдагы билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, кийинки мөөнөттөгү приоритеттүү тапшырмалар талкууланды.

Коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Токтобубу Ашымбаева, билим берүү министрлигинин орун басарлары, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты. Жалпысынан 500дөн ашуун адам катышты болду.

Коллегиянын алкагында 2025 - жылдагы билим берүү системасынын иши боюнча жыйынтыктар чыгарылып, 2026-жылга пландар талкууланды. Катышуучуларга мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын киргизүү, окуу программаларын модернизациялоо, ошондой эле сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы иштердин жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Мэр Айбек Джунушалиев билим берүү системасы бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

«Билим аркылуу адам капиталы калыптанат, ал Бишкек шаарынын туруктуулугуна жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүү тармагын стратегикалык артыкчылык катары карайт. Биздин көңүл борборубузда — жеткиликтүүлүк, сапат, коопсуздук жана заманбап стандарттарга шайкештик», — деди мэр.

Ошондой эле, шаар башчысы мамлекет менен муниципалитеттин күчтөрүн бириктирүү гана Бишкек шаарындагы билим берүү системасын туруктуу түрдө трансформациялоого жана ар бир балага тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Жыйындын соңунда суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, коллегиянын ишинин жыйынтыгы чыгарылды.