Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте «Бишкек шаарындагы “Тай Брейк” кортторунун базасында жыл бою иштей турган “Теннис Парк” теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында жеке өнөктөштү тандоо боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы тууралуу маалымдайт.
Конкурстун экинчи этабына өткөрүлгөн жана каржылык-техникалык сунушун берген катышуучу — «Теннис Парк» ЖЧКсы болду.
Берилген материалдарды кароонун жыйынтыгында Конкурстук комиссия «Теннис Парк» ЖЧКсынын сунушу конкурстук документтердин талаптарына жана МЖӨ долбоорунун шарттарына шайкеш келет деп тапты.
Көрсөтүлгөн долбоор боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин түзүү укугуна өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүсү болуп «Теннис Парк» ЖЧКсы табылды.
