2026-жылдын 27-январынан баштап 3-февралына чейин Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШОС) мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарына тандоо турлары өткөрүлдү.

Жалпы 632 арыз кабыл алынып, бул жаштардын Дельфий оюндарына болгон кызыгуусун арттырып жана ШОС өлкөлөрүнүн маданий мейкиндигиндеги маанилүүлүгүн тастыктаган фактор болуп саналат.

Тандоо иш-чаралары оюндарга даярдыктын маанилүү этабы болуп, ар кандай классикалык, заманбап жана салттуу искусство багыттарын камтыган таланттуу жаштарды бириктирди.

Катышуучулар жогорку кесиптик деңгээлин, чыгармачылык өзгөчөлүгүн жана маданий салттарды сактоо жана өнүктүрүүгө болгон каалоосун көрсөтө алышты

Тандоо турлары төмөнкү сегиз номинация боюнча өткөрүлдү:
•Фортепиано – 20 катышуучу;
•Этникалык ыр – 17 катышуучу;
•Сүрөт искусствосу – 30 катышуучу;
•Этникалык аспаптар – 26 катышуучу;
•Көркөм өнөр – 12 катышуучу;
•Этникалык бий – 263 катышуучу;
•Эстрадалык ыр – 30 катышуучу;
•DJ (ди-джей) – 12 катышуучу.

Конкурс катышуучуларынын таланттарын баалоону кесипкөй калыстар баалашты, алардын курамына жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, Эл артистер жана Маданияттын эмгек сиңирген ишмерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Баалоодо чыгармачылыктын деңгээли, сынактын талаптарына жооп берүүсү, өзгөчөлүгү жана аткаруу чеберчилиги эске алынды.

Тандоо турларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын курама командаларына кире турган катышуучулар аныкталды, алар өз номинацияларында ШОС өлкөлөрүнүн Биринчи жаштар Дельфий оюндарына катыша алышат.

Тандоо турларынын өткөрүлүшү жаштардын чыгармачылык потенциалын ачууга жардам берди жана ШОС өлкөлөрү арасында маданий диалогду, өз ара урматтоону жана кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болгонун баса белгилөө керек.