2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков турак-жай-коммуналдык чарба тармагындагы иштин жыйынтыктары тууралуу баяндамасын жасады.

2025-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын муниципалдык буйрутма боюнча аткарган иштеринин жалпы көлөмү 1,37 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 325,6 млн сомго көп болду. Шаарды санитардык тазалоо аянты 11,1 млн м²га жетип, аткарылган иштердин көлөмү 1,21 млрд сомду түзүп, 321,5 млн сомго өсүш болду. Катуу коммуналдык калдыктарды чыгаруу боюнча абоненттик база 1,04 млн адамга жетип, түшкөн каражат 913,9 млн сомду түздү, пландалган көрсөткүч 804,8 млн сом болгон, аткарылышы 113,6%ды түздү.

Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында 2025-жылы шаар аймагында 18 755 дарак жана бутак көчөттөрү тигилип, өткөн жылга салыштырмалуу 7 966 көчөткө көп болду. Мындан тышкары 1 586 001 бир жылдык гүл, 8 210 роза тамыр түйнөгү жана 229 380 тюльпан түйнөгү тигилди.

Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын жээги тазаланып, болжол менен 107 миң тонна таштанды чыгарылды. Чортеков жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Өкмөттүк» скверди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин аткаруу менен, 8 га аянтка суу чыгаруу скважинасы курулду.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 2025-жылы шаардык жарык берүү системасын өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүздү: 1161 чырак алмаштырылып, 280 кмге жакын изоляцияланган кабелдер тартылды; 18 571 LED жарык орнотулуп, анын 6 815и капиталдык курулуштардын алкагында; 1 329 жарык мамы орнотулду. Бул иш-чаралар шаардагы көчө жарыгын сапаттуу жана ишенимдүү кылууга чоң салым кошту.

Муниципалдык лифт чарбасын жаңыртуу программасынын алкагында 2025-жылы 100 лифтти камсыздоо жана орнотуу боюнча келишимдер түзүлүп, 36 объектте алмаштыруу иштери бүткөрүлдү.

Суу менен камсыздоо жана канализация тармагында 2025-жылы жалпы 354,0 млн сомдук иштер аткарылып, 1,41 км узундуктагы канализациялык түйүндөр реконструкцияланып, 18,9 км суу түтүктөрү курулуп жана алмаштырылды. Бул инженердик системалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана айрым райондордо суу менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк түздү.

Ошондой эле стратегиялык маанилүү долбоорлор аяктап, кээ бирлери уланууда. «Башкара-Суу» суу алуу  түйүнү кеңейтилип ишке берилди, «Орто-Алыш» суу алуучу жайын бекемдөө иштери уланууда, шаар түштүк аймагы үчүн жергиликтүү суу алуучу жай курулуп, 48,5 млн сомдук долбоор толук жүзөгө ашырылды. Мындан тышкары, 113,0 млн сомдук «ХБО» суу алуучу жайы модернизацияланып, учурда объект ишке киргизүүгө даярдалууда.