2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков күйүүчү-энергетика комплексиндеги аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.
2025/2026-жылдары күз-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында жылуулукту туруктуу жана үзгүлтүксүз берүү боюнча планда каралган бардык чаралар аткарылды.
2025-жылга карата «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына ремонттук кампания өткөрүү үчүн 1 230,0 млн сом каралган. Баяндамалык мезгилде 5 энергетикалык от казан жана 6 турбоагрегат оңдолуп, жылуулук жабдууларынын ремонт иштери аткарылды.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы чоң көлөмдөгү оңдоо жана курулуш иштерин жүргүздү:
4 551 метр жылуулук түтүктөрү жана 21 насос станция оңдолду, 424 блок клапан жана 1 543 м² жылуулук изоляциясы алмаштырылды. Чүй проспекти жана Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде №3 насос станция курулуп, Курманжан-Датка жана Фрунзе көчөлөрүндөгү жылуулук түтүктөрү реконструкцияланды.
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы 2025-жылы 9 жаңы газ отказанын орнотту, 2,7 км жылуулук түтүктөрү алмаштырылды, 108 казан жана 495 жабдуу оңдолду, 5 көмүр отказан орнотулган объект реконструкцияланды. Ошондой эле, «Бишкексельмаш» отказан куруу долбоорунун биринчи этабы аяктап, жалпы кубаттуулугу 60 МВт болгон 6 отказан ишке киргизилди.
Мэрия «Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен биргеликте шаардагы турак жай аймактарын газ менен камсыздоо долбоорун активдүү ишке ашырууда. Учурда 50 миңден ашык абонент газга туташтырылган, бул борбор калаанын тургундары үчүн жашоо шартын жана жашоо сапатын жакшыртууга чоң салым кошууда.

