Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнчаколлегиясынын жыйыны болуп өттү.
Кеңеште өнөр жай инфрастүзүмүн жана калдыктарды кайра иштетүү системаларын өнүктүрүү боюнча негизги пландар белгиленди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2025-жылдын 27-декабрында Борбордук Азиядагы биринчи экотехнологиялык катуу калдыктарды кайра иштетүүчү завод ачылганын белгиледи. Анын кубаттуулугу күнүнө 1000-1200 тоннаны түзүп, 30 МВт/саатка чейин электр энергиясын өндүрөт. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин 80 000 тонна калдык кайра иштетилген.
Экинчи аналогдук заводдун курулушу 2026-жылы башталып, комплекстин жалпы кубаттуулугу күнүнө 3000 тоннага жетет. Бул борбор калаадан гана эмес, Чүй облусунан да таштандыларды кайра иштетүүнү камсыздайт.
Ошол эле учурда кубаттуулугу күнүнө 100 тоннага чейин жеткен, сорттоо жана кайра иштетүү заводунун комплексин өнүктүрүү улантылууда.
Таштандыларды кайра иштетүүчү завод 2026-жылы ишке киргизилет деп пландаштырылып, өндүрүш кубаттуулугу муниципалдык ишканалар үчүн отургучтарды, таштанды челектерин, люк капкактарын, тротуар плиталарын жана башка буюмдарды чыгарууга багытталгандыгы айтылды.

