Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Коллегиянын жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки башкы планы иштелип чыкканын айтты. Документ быйылкы жылы расмий түрдө бекитилет деп пландаштырылууда.
Башкы план Бишкектин ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылууга, заманбап шаар курулушунун саясатын калыптандырууга, ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө, ошондой эле тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Акыркы бир жылдын ичинде шаарды өнүктүрүүнүн ар кандай багыттары боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жана тиешелүү эксперттердин катышуусунда 25 жолугушуу уюштурулду. Ошондой эле 500дөн ашык тургун катышкан коомдук угуулар өткөрүлүп, натыйжада 729 суроо-талап жана сунуш келип түштү.
Башкы пландын кабыл алынышы борбор калаанын 2050-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиялык негизи болуп калаарын белгилейбиз.