Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйында 2026-жылга карата борбор калаанын отун-энергетика тармагынын негизги максаттары белгиленди.

Быйылкы жылы 2,3 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда. Өз алдынча өндүрүүнү көбөйтүү үчүн Бишкек ЖЭБ, ЖЭБ №2 жылуулук электр борборунда жана "Бишкексельмаш" өндүрүш аянтчасында газ поршендүү агрегаттарды куруу пландаштырылууда.

Өндүрүш базасын өнүктүрүү улантылат: буга чейин "Бишкексельмаш" ар бири 10 МВт кубаттуулуктагы алты газ казанын чыгарып, ишке киргизгенден кийин чыгымдарды бир топ азайтып, шаардын энергетикалык туруктуулугун жогорулаткан.

"Агулак" көмүр кенин мэриянын карамагына өткөрүп берүү өзгөчө мааниге ээ. 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде 650 000 тонна көмүр казып алуу пландаштырылууда, бул импорттук жеткирүүнү жокко чыгарып, жылытуу сезонунун туруктуу өтүшүн камсыз кылат.

Калаа башчысы пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга жана борбор калаанын электр энергиясын өндүрүү жана отун менен камсыздоо боюнча өзүн-өзү камсыздоосун чыңдоого багытталганын белгиледи.