Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Коллегиянын жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Административдик-аймактык реформадан кийин кошулган аймактардын өнүктүрүү пландарын белгиледи. Шаар кеңейген сайын бул райондордо мектептердин, бала бакчалардын жана маданий жайлардын жетишсиздиги, ошондой эле жол, канализация жана электр инфрастүзүмүнүн жетишсиздиги байкалууда.

Бул кыйынчылыктарды чечүү үчүн 2026-жылы аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы иштелип чыккан. Документ төрт районду камтып, социалдык инфратүзүм объектилерин куруу, коммуналдык кызматтарды модернизациялоо, жол тармагын жана отун-энергетика тармагын өнүктүрүүнү карайт.

Учурда жергиликтүү тургундардын пикирлерин жана текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктарын эске алуу менен пландын долбоору талкууланууда.

Бул планды ишке ашыруу шаардын тең салмактуу өнүгүшүнө, жашоо деңгээлин жакшыртууга жана жаңы райондордун шаардын инфратүзүмүнүн интеграцияланышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.