Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Шаар мэри 2026-жылы зыянкечтерден жана сугат системасынын бузулушунан жабыркаган эски бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулаарын жана алардын толук өсүшүн камсыз кылуу үчүн заманбап сугат тармактары орнотулуп, Чоң Чүй каналынын жана Ала-Арча дарыясынын боюнда сейилдөөчү аянтчалар түзүлөөрүн айтып берди.

Кошумча 48 гектар жерге питомник куруу жана жалпы аянты 9600 чарчы метр болгон беш заманбап күнөскана куруу жана 50 000 көчөт сатып алуу пландалууда. Жашыл мейкиндиктерди сактоо үчүн 21 км сугат түтүктөрү төшөлүп, 5 кмден ашык сугат тармактары орнотулат.

Ошондой эле, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нуктарын тазалоо, таштандыларды алып салуу жана экологиялык жана рекреациялык долбоорлорду ишке ашырууну каалаган тургундар жана инвесторлор үчүн эс алуу жайларын даярдоо иштери улантылат.