2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнчаколлегиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйында курулуш тармагы жана жол-транспорт инфрастүзүмүн жакшыртуу багытындагы жыйынтыктар белгиленди.
2025-жылы борбор калаада социалдык-маданий жана спорттук инфрастүзүм багытында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. «Алга» спорттук комплекси реконструкцияланып, спорт менен машыгууга жана мелдештерди өткөрүүгө шарттар жакшыртылды. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 000 орундуу кичи аренасы («Жаштык») курулду. Ала-Тоо борбордук аянтындагы Айкөл Манастын постаменти реконструкцияланды. Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта көргөзмө галерея залы курулду. Ошондой эле Б.Алыкулов жана Ж.Баатыр көчөлөрүнүн айланма кесилишинде Нүзүп миңбашынын эстелиги орнотулду.
Билим берүү инфрастүзүмүн өнүктүрүү алкагында республикалык бюджеттин эсебинен «Ак-Бата» конушунда 650 орундуу мектеп курулду. Жалпы 1 200 орунга ылайыкташкан жети мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады.
Мындан тышкары, Месароша көчөсүндө мамлекеттик шаардык архив пайдаланууга берилди, «Көлмө» конушунда китепкана ачылды. Саламаттык сактоо тармагында «Көк-Жар» жана «Чоң-Арык» конуштарында эки үй-бүлөлүк медицина борбору курулуп, ар бири тез жардам станциясы жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
2025-жылы шаарда жол тармагын өнүктүрүүнүн ири программасы ишке ашырылды. Анын алкагында 147 көчөдө капиталдык оңдоо жүргүзүлдү: 122 көчөдө жалпы узундугу 91,9 чакырым автоунаа жолдору жаңыланды, 25 көчөдө 28,2 чакырым тротуар оңдолду. Шукуров жана Ауэзов көчөлөрүндө көпүрөлөр курулуп бүткөрүлдү. Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн курулушу улантылып, даярдыгы 70 пайызды түзөт. Бул шаардагы транспорттук байланышты кыйла жакшыртат. Ошондой эле Ч.Айтматов проспектиси менен Минжылкыев көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулуп бүттү.