2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнчаколлегиясынын жыйыны болуп өттү.

Социалдык тармактагы иш жыйынтыктары тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков маалымат берди.

Социалдык коргоо тармагында 2025-жылы 60 472 жаранга 184 565,2 миң сом өлчөмүндө даректүү жардам көрсөтүлдү. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 58 805 адам 174 467,4 миң сом жардам алган. Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 19,5 млн сом суммасында 130 социалдык келишим түзүлдү. Санариптик «Социалдык паспорттор» киргизилип, «SOS – Балдар айылдары Бишкек» фонду менен биргеликте балалуу аялдарды колдоо долбоору ишке ашырылды. Ошондой эле социалдык жардам алууну жеңилдетүү максатында «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилди.

Билим берүү тармагында 2025-жылы иштеп жаткан 25 жана жаңы ачылган 7 бала бакча трансформацияланып, кошумча 4 500гө чейин бала камтылды. Жети мектепке чейинки билим берүү мекемеси муниципалдык менчикке өткөрүлүп, алардын бешөө райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ыкчам башкаруусуна берилип, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүүнүн алкагында 25 мектеп интерактивдүү панелдер менен жабдылды. Окуу китептери менен камсыз болуу деңгээли кыргыз тилинде 76,0%, орус тилинде 67,0% түзөт.

Республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгында өлкө боюнча 54 бүтүрүүчү алтын сертификат алса, анын 38и — Бишкек шаарынын окуучулары, бул 70%ды түзөт.

Бардык мектептерге «кооптонуу баскычтары» орнотулуп, шаардагы бардык билим берүү мекемелерине жүздү таануу функциясы бар видеобайкоо камералары коюлуп, алар Бишкек шаарынын ИИББнын кырдаалдык борборуна туташтырылды.

«Жаш мугалимдин депозиттик» программасынын алкагында 6,5 млн сом каражат бөлүнүп, 49 педагог программага катышты.

Маданият тармагында 2025-жылы 902 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда 5 444 маданий-массалык иш-чара өткөрүлдү. Алардын катарында «Жаш таланттар» сынагы, «Наристе» эл аралык балдар фестивалы, Үчүнчү ачык Бишкек Дельфий оюндары, «Алга» спорт комплексинин жана стадионунун ачылышы сыяктуу ири иш-чаралар бар.

Дене тарбия жана спорт тармагында 2025-жылы 609 спорттук иш-чара уюштурулуп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 92ге көп. Анын ичинен 197си ар түрдүү спорт түрлөрү боюнча биринчиликтер жана эл аралык турнирлер болуп, 2024-жылы мындай иш-чаралардын саны 107 болгон.