2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнчаколлегиясынын жыйыны болуп өттү.
Административдик-аймактык реформа жана санариптештирүү багытында аткарылган иштер тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков баяндама жасады.
Административдик-аймактык реформанын алкагында райондордун жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жаңы чек аралары бекитилди. Ленин жана Биринчи Май райондорунда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кошумча эки МАБ түзүлүп, кызматкерлердин саны көбөйтүлдү жана башкармалыктарга санариптик номерлөө киргизилди.
2025-жылы 6 социалдык объекттин курулушу аяктап, 7 объект боюнча долбоордук жана изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Орок айылындагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 7 коммуналдык объект боюнча иштер аткарылды. Жалпы узундугу 12,16 чакырым болгон 18 көчө оңдолду. Тышкы жарыктандырууну өнүктүрүүгө 48,8 млн сом бөлүнүп, натыйжада 2 078 жаңы жарык чекити орнотулду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
Жаңыртылган версиясында коомдук транспорттун жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде аныктоо, ошондой эле транспорттун чыныгы кыймылын эске алуу менен түз жана которулма каттамдарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Бүгүнкү күндө «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучуларынын саны 531,4 миң адамга жетти. Шаарды санариптик трансформациялоонун алкагында «Автоэвакуатор» жана каттамдарды, транспорттун келүү убактысын көрсөткөн жана үн аркылуу коштоону колдогон «Акылдуу аялдама» системалары ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.
Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемесине интеграцияланган ижарачынын жеке кабинети менен «Муниципалдык мүлк» маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул мүмкүнчүлүк ижарачыларга документтерди тариздөө убактысын кыйла кыскартууга, төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүгө жана муниципалдык мекемелерге жеке баруунун, кагаз жүзүндөгү документтерди колдонунун зарылдыгын жоюуга шарт түзөт.
2025-жылы Санкт-Петербург шаарындагы перспективдүү шаар куруу илимий-изилдөө институту менен биргеликте Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы иштелип чыкты. Долбоор боюнча коомдук талкуулар жана угуу жыйындары өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен ишке ашыруу багытында иштер улантылууда.