«Тазалык» муниципалдык ишканасы Новопавловка айылынын Мира көчөсүндөгү №9 дарегинде жайгашкан үйдө, тургундардын жана көптөгөн  жарандардын кайрылуусу менен  текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул иштер, Ленин райондук администрациясынын чечиминин жана №106 МАБдын 2026-жылдын 11-февралындагы №01-13/5 телефонограммасынын негизинде жүзөгө ашырылган.

Текшерүнүн жүрүшүндө, белгиленген даректеги жеке менчик үйдө болжол менен 30 ит жана 50дөн ашык мышык аныкталган. Бул Бишкек шаарынын аймагында үй жаныбарларын багуу боюнча белгиленген чектен кыйла жогору экенин маалымдайт. Бир үйдө 2 ит жана 3  мышыктан ашпоого тийиш.

Кошумча текшерүүдө жаныбарларда милдеттүү ветеринардык паспорттор жок экени жана алдын алуу эмдөөлөрү жүргүзүлгөнүн тастыктаган документтер да болгон эмес. Бул колдонуудагы талаптардын бузулушу болуп саналат.

Бул жагдай боюнча узак убакыт ичинде МАБ кызматкерлери, ички иштер органдары, санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү тарабынан 7 жолудан ашык текшерүү жүргүзүлгөн. Үй ээсине мыйзам бузууларды жоюу жана жаныбарларды кармоо шарттарын талаптарга ылайык келтирүү зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу расмий билдирүүлөр жана эскертүүлөр берилген.

Иш-чаралар жүрүп жаткан учурда үй ээси (аял киши болгон) агрессивдүү мамиле жасап, кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруусуна олуттуу тоскоолдук жараткан. Тагыраагы, ал кызматкерлер тарапка иттерди атайылап коё берип, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна түз коркунуч туудурган.

Түзүлгөн кооптуу кырдаалга байланыштуу мажбур чара катары адамдарга дароо коркунуч жараткан бир итке карата ок чыгарылган. Белгилей кетсек, калган иттерге карата мындай чара колдонулган эмес.

Ошондой эле, социалдык тармактарда айтылып жаткандай бул атуу  эч кандай жаш балдардын же башка жарандардын алдында болгон эместигин маалымдайт.

Бишкек шаарынын мэриясы жана ага караштуу түзүмдөр бул окуяда ыйгарым укуктуу орган катары аракет кылып, санитардык коопсуздукту, коомдук тартипти жана аймак тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында колдонуудагы мыйзамдардын чегинде иш алып барышкан.