2026-жылдын 10-февралынан 13-февралына чейин Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда, С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн биатлон бөлүмүнүн окуучулары үчүн окуу-машыгуу жыйыны өтүп жатат.

Бул окуу-машыгуу жыйынынын максаты – спортчулардын физикалык, техникалык жана тактикалык даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле Республикалык кышкы оюндарга (I этап) сапаттуу даярдоо.

Жыйында спортчуларга интенсивдүү машыгуулар уюштурулуп, лыжа машыгуусун, чыдамкайлыкты жана жалпы физикалык форманы өркүндөтүүгө көңүл бурулат. Мындан тышкары, мелдеш элементтерин иштеп чыгууга, дисциплинага жана командалык өз ара аракеттешүүгө өзгөчө маани берилет.

Окуу-машыгуу жыйындарга 20 спортчу катышууда, жетекчилигин бир жооптуу машыктыруучу алып барат. Бул жыйындар окуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга, спорттук рухту бекемдөөгө жана республикалык деңгээлдеги мелдештерге даярдыкты камсыз кылууга багытталган.