Борбор калаада жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Манас проспектиси бойлой жайгашкан коопсуздук аралчаларына брусчатка төшөө иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдон өтүүнү ыңгайлуу жана коопсуз кылууга багытталган.
Ушундай эле иштер төмөнкү кесилиштерде буга чейин аяктаган:
Манас проспектиси / Бөкөнбаев көчөсү;
Манас проспектиси / Киев көчөсү;
Манас проспектиси / Токтогул көчөсү;
Манас проспектиси / Фрунзе көчөсү;
Манас проспектиси / Москва көчөсү.
Ишкананын адистери аймактарды тазалоо, негизин даярдоо жана брусчатка төшөө иштерин аткарышууда. Жаңыланган коопсуздук аралчалары жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдон өтүүнү кыйла ыңгайлуу кылып, жол кыймылынын жалпы коопсуздугун жогорулатат.
Бишкек шаарында жол инфрастүзүмүн жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.

