Муниципалдык ишкана 7-Апрель көчөсүндөгү (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн аралыгында) магистралдык жылуулук тармагындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин аяктаганын маалымдайт.
Түнкү саат 00:44тө бардык ширетүү иштери толугу менен бүткөрүлүп, андан соң жылуулук тармактарын этап-этабы менен толтуруу процесси башталган. Бузулуу диаметри 900 мм болгон түтүктө орун алган. Учурда жылуулук менен камсыздоо кадимки штаттык режимде толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоо иштери жүргүзүлгөн аймактагы жашыл зонасын көрктөндүрүү иштери аба ырайы ыңгайлуу болгондо аткарылат.
Эске салсак, бузулуу аныкталып, локалдаштырылган учурда шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук берүү параметрлери убактылуу төмөндөтүлгөн. Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жылуулук энергиясы альтернативдүү схема аркылуу берилген. Керектөөчүлөрдү жылытуу жана ысык суу менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол берилген жок.
Бул жылуулук тармагынын бөлүгү 1974 жана 1986-жылдары пайдаланууга берилген. Узак мөөнөт пайдаланылгандыктан, инженердик инфраструктураны этап-этабы менен жаңылоо жана өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.
Белгилей кетсек, 2025-жылы ишкана тарабынан ири масштабдагы модернизация иштери жүргүзүлгөн: Фрунзе жана Курманжан Датка көчөлөрүндө магистралдык жылуулук тармактары кайра төшөлүп, түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 жана 1000 ммге чейин көбөйтүлгөн; насостук станциялардын жабдуулары оңдолгон; 1 543 м² жылуулук изоляциясы калыбына келтирилген; 424 даана жабуучу арматура алмаштырылган; 4 551 метр эскирген тармактар жаңыланган; ошондой эле Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде №3 насостук станциясынын курулушу аяктаган.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, адистер жылуулук системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн иштерди улантып жатканын маалымдайт.




