Бишкек шаарынын мэриясы шылуундардын торуна түшүп калбоого чакырат!
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Кемелбеков Чыңгыз Кемелбековичтин атынан жер мунапысынын алкагында жер участогун мыйзамдаштырып берем деген жүйө менен акча каражатын талап кылган алдамчылык фактысы аныкталды.
Урматтуу шаардыктар, сак болуңуздар жана жеке маалыматыңызды белгисиз адамдарга бербеңиздер. Эгер шектүү аракеттерге туш болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына, ошондой эле 0312 97 92 97, 0504 11 01 21 телефондору аркылуу же Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментине Туңгуч кичирайону, № 57 дарегине кабарлаңыздар.



