2025-жылдын 15-февралында Бишкек шаарындагы «GYMnROLL» балдар спорттук оюн-зоок комплексинде Ашихара каратэнин Full Contact бөлүмү боюнча шаардык биринчилик өттү.

Мелдештин максаты — күчтүү спортчуларды аныктоо, борбор калаада каратэни өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу, жаштар арасында сергек жашоо образын пропагандалоо, ошондой эле катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу болду.

Татамиге 54 салмак категориясында 200дөн ашык жаш спортчу чыгып, өз күчтөрүн сынашты.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубеков  катышты.

Командалык эсептин жыйынтыгы:
•1-орун — «Shinobi» спорттук клубу (16 алтын, 20 күмүш, 20 коло медаль);
•2-орун — «Шах Тим» спорттук клубу (8 алтын, 7 күмүш, 6 коло медаль);
•3-орун — «Бикутори» спорттук клубу (7 алтын, 7 күмүш, 5 коло медаль).

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын Ашихара каратэ республикалык федерациясы менен биргеликте уюштурду.