2026-жылдын 19-февралында турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары.

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" суу алуучу жайларындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.