2026-жылдын 2–8-февраль күндөрү Индия мамлекетинин Нью-Дели шаарында ок атуу боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Мелдеш чоңдор, юниорлор жана жаштар категориялары боюнча өткөрүлдү. Чемпионатка 20 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Азия чемпионатына 15 спортчу катышып, алардын ичинен С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн беш тарбиялануучусу татыктуу оюн көрсөтүп, жогорку жыйынтыктарды камсыз кылышты.

Спортчу кыздар ВП-60 (10 m Air Rifle Women / Youth & Junior) көнүгүүсү боюнча күч сынашты. Бул — 4,5 мм калибрдеги пневматикалык спорттук мылтык менен 10 метр аралыкка ок атуу боюнча мелдеш. Аталган көнүгүүдө жалпысынан 62 спортчу катышты.

Мелдешти Азиялык ок атуу конфедерациясы (ASC) жана Индиянын Улуттук ок атуу ассоциациясы (NRAI) уюштурду.

С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүр тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:

Жеке эсеп боюнча:
•Тулебердиева Альбина — 10-орун, 616,0 упай (18 жашка чейинки кыздар);
•Садыкова Даткайым — 11-орун, 615,7 упай (18 жашка чейинки кыздар);
•Талантбекова Арууке — 5-орун, 629,0 упай (21 жашка чейинки юниор кыздар);
•Кубанычбекова Каныкей — 20-орун, 620,0 упай (аялдар);
•Эргешова Айжан — 23-орун, 619,0 упай (аялдар).

Командалык эсеп боюнча:
•Тулебердиева Альбина жана Садыкова Даткайым — 3-орун (18 жашка чейинки кыздар).