Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мурда демилгеленген «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында практикалык иштер башталды.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор  орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Фрунзе шаарынын энциклопедиясына» ылайык, «Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда — Душанбинская көчөсүндө (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылган. Кинотеатр райондук маданий-эс алуу объектилеринин катарына кирип, 600 орундуу көрүү залы менен шаардагы жаңы кварталдардын тургундарын тейлөө үчүн курулган.

Убакыттын өтүшү менен кинотеатр өзүнүн негизги багыты боюнча ишин токтоткон. 2010-жылы имарат улутташтырылып, мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын карамагына өткөрүлгөн. Бирок объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана театр имаратты олуттуу реконструкциясыз пайдаланууну улантып келген.

Өрт чыккан учурга карата объект бир нече жылдан бери жарым-жартылай бузулган абалда болгон: терезелери жана эшиктери талкаланган, аймагы каралбай калган, имарат иш жүзүндө бош туруп, пайдаланылган эмес.

2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында объект олуттуу жабыркаган. Окуядан кийин Бишкек шаарынын мэри жерине барып, тиешелүү кызматтарга объект боюнча чечим кабыл алуу жана долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча тапшырма берген.

Учурда долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, жаңы заманбап маданий борборду куруу пландалууда.