Кыргызстандын дзюдочусу, «Олимп» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Эрлан Шеров 2026-жылдын 14–15-февралында Любляна шаарында (Словения) өткөн эл аралык Ljubljana European Open турниринде жеңүүчү аталды.

Мелдешке 45 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышты. 90 кг салмак категориясында Эрлан Шеров бардык беттештерин ишенимдүү өтүп, финалга чыгып, Россиянын спортчусун жеңип, алтын медалга ээ болду.