2026-жылдын 17-февралында Айбек Джунушалиев таңкы саат 05:00дө эт саткан жайларды кыдырып, эттин базарга келип түшүүсүнөн тартып, дүң жана чекене сатылышына чейинки бардык процессти жеринде көрүп чыкты. Таңкы  убакытта башталган текшерүү соода түйүндөрүнүн иши жаңы башталган учурдагы шарттарды баалоого мүмкүнчүлүк берди.

Текшерүүгө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү да катышты.

Алгач текшерүү  «Алтын-Така» мал базарында  жүргүзүлдү. Дал ушул жерден шаар базарларына эт жеткирүү башталат. «Чүйгүн» эт күркөсүндө  санитардык талаптардын жана соода эрежелеринин бузулушу аныкталды. Биринчи Май районунун башчысына кыска мөөнөттө тиешелүү чараларды көрүп, объектти тартипке келтирүү тапшырмасы берилди.

Андан соң мэр Ош базарынын аймагындагы эт сатуу түйүндөрүн кыдырып, ишкерлер менен жеке баарлашты. Алардын кайрылуулары менен сунуштарын угуп, тиешелүү кызматтарга мыйзамдын алкагында карап чыгуу милдетин койду.

Шаар башчысы VESNA соода борборундагы «Алма» гипермаркетинде эттин бааларын текшерди.

Текшерүүдөн кийин шаардык кызматтарга  шаар тургундары үчүн эттин коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бааларды, чекене соода түйүндөрүнүн санитардык абалын жана эт сатуу эрежелерин сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.