2026-жылдын 17-февралында Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, курулуш жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, блогерлер жана активдүү шаар тургундары катышты. Жалпы 150дөн ашуун адам болду.
Шаар башчысы коомдук угуунун катышуучуларына жаңы заводдо экскурсия өткөрүп, анын курулушу Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Мэр мурдагы Экологиялык кеңештин жыйынында берилген сунуштар аткарылганын билдирди. 2025-жылы жашылдандыруу планы 15 миңден 18 миң көчөткө чейин көбөйтүлүп, алар мектептерге жана шаардын аймактарына отургузулган. 2026-жылы бул көрсөткүч 50 миң көчөткө жеткирилди: тиешелүү келишимдер түзүлүп, учурда отургузуучу материалдар жеткирилүүдө. Көчөттөр отургузуудан мурун питомниктерде отургузулат, бул алардын жакшы тамыр алышына шарт түзөт.
«Экологиялык кеңеш — бул Бишкек шаарынын мэриясы сын-пикирлерди жана конструктивдүү сунуштарды угууга, иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана жыл жыйынтыгында отчет берүүгө даяр болгон аянтча», — деп белгиледи А. Джунушалиев.
Угуу учурунда негизги көңүл эки көйгөйгө — ышка жана абанын булганышына бурулду. Катышуучулар бир катар суроолорду берип, сунуштарын айтышты. Алар мындан аркы иштеп чыгуу үчүн каттоого алынды.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте уюштурду.
Жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев катышуучуларга жарандык активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Экологиялык кеңеште айтылган бардык демилгелер мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан ишке алынарын белгиледи.














