2026-жылдын 17-февралында №103 мектептин базасында жыл сайын 21-февралда белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу кароо-сынактын шаардык этабы өткөрүлдү.
Сынакка райондук этаптарда I жана II орундарды ээлеген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз Республикасында жашаган элдердин ортосундагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, эне тилдерди даңазалоо, ошондой эле ар түрдүү этностордун тарыхынын, адабиятынын жана маданиятынын байлыгын ыр аркылуу чагылдыруу болуп саналат. Өзгөчө көңүл элдик салт-санаа жана музыкалык искусство аркылуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, мекенчилдикти жана биримдикти тарбиялоого бурулду.
Калыстар тобунун курамына маданияттын отличниги Байыш Момунов, Свердлов райондук балдар чыгармачылык борборунун адиси, маданияттын отличниги Мелис Элебесов жана маданияттын отличниги Султан Садыралиев кирди.
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечиминин негизинде орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында:
I орун — №145 бала бакча;
II орун — №1 бала бакча;
III орун — №109 жана №127 бала бакчалар.
Жалпы билим берүүчү мектептердин арасында:
I орун — №46 мектеп;
II орун — №50 мектеп;
III орун — №39 жана №12 мектептер.
Жеңүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан ардак грамоталар жана эстелик белектер тапшырылат.
Мындай иш-чараларды өткөрүү эне тилдерди сактоого жана өнүктүрүүгө, маданий салттарды чыңдоого жана өлкөнүн көп улуттуу мурасына урмат-сый менен мамиле кылууга өбөлгө түзөт.
