2026-жылдын 18-февралында муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жана Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявиндин катышуусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чарага даярдыктын учурдагы абалын, уюштуруучулук камсыздоо маселелерин, ошондой эле катышуучу мамлекеттер менен эл аралык кызматташтыкты талкуулашты.

Түзүлгөн штабдын алкагында даярдык иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө. Катышуучу өлкөлөрдүн командалары түзүлүп, учурда уюштуруу комитети тарабынан акыркы тастыктоо жол-жобосунан өтүп жатат.

Буга чейин тандоо турлары өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын жана Бишкек шаарынын курама командаларына кирген катышуучулар аныкталган.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин Бишкекте өтө турган оюндарды уюштуруу боюнча жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлду.