2026-жылдын 13–14-февралында Караганда шаарында (Казакстан Республикасы) Социалисттик Эмгектин Баатыры Я. Мусагалиевдин жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча мемориалдык мелдеш өттү. Мелдешке 2009–2010-жылдары туулган улуу курактагы өспүрүмдөр катышты.

Мелдешке жалпысынан 250гө жакын спортчу катышып, алардын арасында С. Жуманазаров атындагы спорттук мектептин жеңил атлетика бөлүмүнүн 10 тарбиялануучусу бар. Бишкектик жаш спортчулар жогорку жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти.

Турнир Я. Мусагалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу, жаштар арасында жеңил атлетиканы жайылтуу, өспүрүм спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо максатында уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгы:

50 метрге чуркоо:

Ширинов Элчин — 2-орун;

Копенкин Николай — 3-орун;

Гайбулаев Арслан — 4-орун.

300 метрге чуркоо:

Замирова Бермет — 1-орун;

Дунаева Диана — 2-орун;

Даникеева Айбике — 3-орун;

Копенкин Николай — 2-орун;

Ширинов Элчин — 3-орун.

600 метрге чуркоо:

Казакбаев Айдарбек — 1-орун;

Бейшеналиева Аяна — 2-орун.

1500 метрге чуркоо:

Казакбаев Айдар — 1-орун;

Бейшеналиева Аяна — 2-орун;

Садыков Илим — 3-орун.

3000 метрге чуркоо:

Садыков Илим — 1-орун.

4×200 метр эстафета (улуу кыздар): — 1-орун
Дунаева Диана, Даникеева Айбике, Бейшеналиева Аяна, Замирова Бермет.

4×200 метр эстафета (уландар): — 1-орун
Копенкин Николай, Гайбулаев Арслан, Казакбаев Айдар, Ширинов Элчин.