Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Айбек Джунушалиев төрагалыгы алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, анын ичинде эт азыктарынын баасынын өсүшүн алдын алуу жана жөнгө салуу чаралары, ошондой эле Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чараны өткөрүү маселелери каралды.
Талкуунун жүрүшүндө төрт административдик райондун башчыларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте социалдык маанидеги азыктардын баасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, Свердлов жана Ленин райондорунун башчыларына «Ош базары» жана «Аламүдүн базары» соода комплекстеринин аймагындагы дүң эт базарларынын ишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.
Жыйында коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Шаар мэри Айбек Джунушалиев 22-февралда Ала-Тоо аянтында өтө турган майрамдык иш-чара учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.




