2026-жылдын 19-февралында Тунгуч театрынын  имаратында Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясы эксперттердин, шаар тургундарынын, мамлекеттик органдардын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн атайын Жол кеңешинин аянтчасын  түзүүдө.

Жолугушуунун ачылышында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышуучуларга демилгелери  жана ачык диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Так ушул биргелешкен аракеттер менен гана биз Бишкек шаарынын аймагындагы жол тыгындары маселесин чече алабыз. Бүгүнкү күндө биз, биринчи кезекте, өз милдеттерибизди аткарууга — жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, акылдуу светофор системасын түзүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырууга багыт алуудабыз. Алгач ушул маселелерди чечебиз. Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы ишин улантып, ачык диалогго даяр экенин дагы бир жолу билдирет. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат», — деп белгиледи мэр.

Жолугушуунун алкагында аналитикалык сессия жана панелдик талкуу өткөрүлүп, тыгындарды азайтуу боюнча комплекстүү чаралар талкууланды. Коомдук уюмдардын, блогерлердин, транспорт компанияларынын жана көз карандысыз эксперттердин сунуштары угулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү шаар тургундарын сыйлоо аземи да болуп өттү. Мэр Айбек Джунушалиев муниципалитетке кар тазалоо иштеринде көрсөткөн жардамы үчүн Мирлан Жукеевге, ошондой эле мэриянын ишмердүүлүгүн чагылдырууга көмөктөшкөнү үчүн Рашид Браунга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Белгилей кетсек, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Борборбек Ташматов, Жогорку Кеңеш жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, укук коргоо органдарынын, курулуш компанияларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана активдүү шаар тургундары катышты.