Бишкек шаарындагы №115 мектептин базасында «Жомоктор дүйнөсүнө саякат» аттуу шаардык сынак өткөрүлдү. Иш-чара борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, маданий мурастарды сактоо жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Шаардык этапка райондук турлардын жеңүүчүлөрү болгон 11 мектеп командасы катышты. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, сахна маданиятын, артисттик чеберчилигин жана элдик оозеки чыгармаларды терең билгенин көрсөтүштү.
Калыстар тобунун төрагасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Оразакунов Руслан Жолдошевич болду.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Баш байге №75 мектепке ыйгарылды;
I орун - №84 мектеп;
II орун — №67 мектеп;
III орун — №82 мектеп.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Ардак грамоталар жана эстелик белектер менен сыйланышат.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, өсүп келе жаткан муундун руханий-адептик тарбиясына маанилүү салым кошту.





