Каракол шаарында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында лыжа жарыштары боюнча «Мен — чемпион» республикалык кышкы оюндар өттү.
Мелдешке Бишкек шаарынан, Чүй облусунан, Нарын шаарынан, Ат-Башы жана Нарын райондорунан, ошондой эле Каракол шаарынан жалпы 86 спортчу катышты. С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн (биатлон бөлүмү) курамында 20 спортчу күч сынашты.
Оюндардын программасына жеке жарыштар (спринт) жана аралаш эстафеталар киргизилди. Мелдештер жаштар спортун өнүктүрүүгө, лыжа жарыштарын жайылтууга, жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандырууга жана өлкөнүн спорттук резервин даярдоого багытталды.
С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
Жеке жарыш (спринт), 3 км
2008–2009-ж.т. өспүрүмдөр:
Жумалиев Нурислам — 1-орун.
2008–2009-ж.т. кыздар:
Таалайбекова Бахиана — 2-орун;
Таалайбекова Диана — 3-орун.
2010–2011-ж.т. өспүрүмдөр:
Белекбаев Алишер — 2-орун.
2010–2011-ж.т. кыздар:
Казиева Акылай — 1-орун;
Токтосунова Карлыгач — 2-орун.
Жеке жарыш (спринт), 2 км
2012–2013-ж.т. өспүрүмдөр:
Жумалиев Саид — 1-орун.
2012–2013-ж.т. кыздар:
Токтосунова Айлин — 1-орун.
Жеке жарыш (спринт), 1 км
2014–2015-ж.т. балдар:
Максатов Эрбол — 1-орун;
Керимбеков Раимжан — 2-орун.
2014–2015-ж.т. кыздар:
Таалайбекова Каныкей — 1-орун.
Аралаш командалык эстафета
2008–2009-ж.т. — 2-орун:
Жумалиев Нурислам, Сапарбеков Бектур, Таалайбекова Диана, Таалайбекова Бахиана.
2010–2011-ж.т. — 2-орун:
Белекбаев Алишер, Асанов Нурел, Казиева Акылай, Токтосунова Карлыгач.
2012–2013-ж.т. — 2-орун:
Жумалиев Саидахмат, Максатов Эрбол, Токтосунова Айлин, Таалайбекова Каныкей.
Жалпы упайлардын жыйынтыгы боюнча С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн командасы 1-жалпы командалык орунду ээлеп, 200 000 сомдук сертификат менен сыйланды.


