Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы Интергельпо көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки узундугу 4,458 чакырым жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Оңдоо иштери үч этап менен жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 24-февралынан тартып Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Аталган тилкеде оңдоо иштери суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу эрте башталат. Андан сырткары, жол катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнөт, ал эми участокторду бир айдын ичинде этап-этабы менен ачуу пландаштырылууда.