2026-жылдын 22-февралында   саат 18:00дөн 23-февраль  саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.

Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууңуздарды суранабыз.

Кыймыл чиймеси