Бишкек шаарында 2026-жылдын 15–18-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 400гө жакын спортчу катышты.
Бишкек шаарындагы «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн спорт мектебинин тарбиялануучулары ийгиликтүү чыгып, жыйынтыгында алты медаль жеңип алышты.
1-орун:
Үсөн кызы Акак — 54 кг;
Бакасова Аделина — 72 кг.
2-орун:
Асанбекова Аида — 65 кг;
Жайлообеков Данияр — 58 кг.
3-орун:
Шамшыбеков Арсен — 71 кг;
Карыпбекова Улара — 65 кг.



