Свердлов районуна караштуу №66 мектепте «Тил — достуктук көпүрөсү» аттуу достук фестивалы болуп өттү.
Иш-чарага Индия Республикасынын Элчилигинин өкүлү Кумар Сатиш, Конфуций институтунун өкүлү Цзи Цзинзин, уйгур диаспорасынын өкүлү Аскар Касымов, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Мектептин фойесинде көргөзмө уюштурулуп, анда №16 (кыргыз), №33 (орус), №30 (дунган), №85 (татар), №94 (индия), №43 (уйгур), №115 (корей), №111 (өзбек) жана №4 (кытай) мектептери улуттук символикаларын, музыкалык аспаптарын, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын жана улуттук кийимдерин тааныштырышты. Окуучулар Кыргызстанда жашаган элдердин ырларын аткарып, бийлерин бийлешти.
Иш-чара «Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктик» аттуу Жарлыкты жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамды ишке ашыруу максатында уюштурулду.




