2026-жылдын 20-февралында Октябрь районунда №103 мектептин базасында №64, №73, №103, №100, №91, №63, №17, №26, №88 жана №37 мектептеринин окуучуларынын катышуусунда фестиваль болуп өттү.

Иш-чарага жалпысынан 80 мугалим жана 100 окуучу катышты.

Ардактуу коноктордун катарында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Октябрь районунун акиминин орун басары Баркалбас Байтиков, мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис Перизат Бакирова, ошондой эле Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Шербаева болду. Алар өз сөздөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, конокторго концерттик программа менен катар көргөзмө да сунушталды.