Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Болатхан Карибжановду көрүп, ден соолугун сурашты.

Алар мугалимдин абалынан кабар алып, колдоо сөздөрүн айтышып, тезирээк сакайып кетишин каалашты.

Мындан тышкары, мэр менен министрдин жолугушуусунда мектеп окуучуларынын арасындагы агрессиянын деңгээлин төмөндөтүү жана ушундай окуялардын алдын алуу максатында ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Тараптар ошондой эле коопсуздук чараларын күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүү боюнча макулдашышты.

Айбек Джунушалиев мэрия 2025-жылы борбор калаанын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөнүн белгиледи.