Бишкек шаарынын Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда.

Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, санитардык түйүндөрдө кафель плиткаларын чаптоо жана фасаддык жумуштар аткарылууда.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 2 927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 гектарды түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы каралып, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

Имараттын функционалдык пландаштырылышы коопсуздук жана ыңгайлуулуктун заманбап талаптарына жооп берет. Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.

Курулуш иштерин «ПСО Адис Строй» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.