Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Аль Бухари» кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу (демонтаждоо) чечими кабыл алынган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр муниципалдык жер аянты бошотулат.

Демонтаж иштери жер пайдаланууда  тартип орнотуу жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.