2026-жылдын 24-февралында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайга барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды.
Анда уруксат берилбеген жерлерге, дарыгер, бейтап, студенттердин унаасы токтой турган унаа токтотмого токтогон унааларга протоколдор түзүлүп, көптөн бери турган унаалар айып короого жеткирилди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жай коноктор үчүн унаа токтотмо катары пайдаланылып келген. Эми бул аймак муниципалдык унаа токтотмо катары уюштурулмай болду.
Аталган унаа токтотмо 100 унаага ылайыкталган жана эми күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин акы төлөнүүчү унаа токтотмо катары иштейт. Ал жерге күн сайын "ШЖТИ" МИнин кызматкерлери нөөмөт кылышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Мындан тышкары мамлекеттик каттоо номери жок унаалардын токтотулушуна жол берилбейт. Талапты бузган учурларда тиешелүү чаралар көрүлөт.











