2026-жылдын 24-февралында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин «бирдиктүү терезе» принциби менен иш алып барган Октябрь районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жаңыланган имаратында болду.
Иш-чарага ошондой эле Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Жунусова катышты. Алар жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы, жумуш орундардын уюштурулушу жана жарандарды кабыл алуу шарттары менен таанышты.
Объект райондук администрациянын имаратында жайгашып, калкты социалдык колдоо маселелери жана мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча кабыл алууга арналган.
Модернизациялоонун алкагында кызматтык бөлмөлөр жаңыланып, жарандар жана кызматкерлер үчүн орундар жакшыртылып, имарат ичинде ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Негизги жаңычылдыктардын бири катары электрондук кезек системасы киргизилди. Бул жарандардын кайрылууларын тартипке келтирип, күтүү убактысын кыскартууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

