2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ата-энелер коомчулугу менен жолугушуулардын алкагында ШИИБнин  базасында Ленин жана Октябрь райондорунун ата-энелери жана мектеп директорлору менен кезектеги жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин  орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ИИМ, прокуратура жана СБНОН өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар ШИИБдин алдындагы кырдаалдык борборго барып, күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүү системасынын иши менен таанышышты. Ата-энелерге жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине борбордун коомдук коопсуздукту камсыздоо жана ыкчам чара көрүү, анын ичинде жашы жете электерди коргоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышуучуларга өспүрүмдөр арасында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер, укук бузуулардын алдын алуу жана баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттер боюнча чаралар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле мектеп окуучулары менен профилактикалык баарлашууда колдонулган маалыматтык видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Мектептин психологу 89 өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү, актуалдуу тобокелдиктер жана билим берүү чөйрөсүндө окуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу ыкмалары жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Мындай жолугушуулар жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана ата-энелер коомчулугунун бирге кызматташууга багытталган. Бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.