Калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан азык-түлүк продукциясы бөлүнүп берилди.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн алкагында Бишкек шаарына 2 280 даана эт консерви өткөрүлүп берилип, алар «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алуучу 456 үй-бүлөгө берилди.

Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, калктын эң аярлуу катмарларына даректүү жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик социалдык саясаттын алкагында ишке ашырылууда.

Гуманитардык жардам көрсөтүү коомдогу социалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана жарандардын социалдык корголуш деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.